super.kg logo

Ысык-Көл облусунда 106 маданий клуб болсо, анын 99у айыл жерлеринде жайгашкан

 

Акыркы жылдарда Ысык-Көл облусу боюнча клубдук мекемелердин, китепканалардын жана музейлердин саны өскөн. Ысык-Көл облусунда 106 маданий клуб болсо, анын 99у айыл жерлеринде жайгашкан. Мындан сырткары 153 китепкана, 7 мамлекеттик музей, 9 балдар музыкалык мектеби, Ы.Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайы иш алып барууда, аларда 894 ашуун кызматкер эмгектенет. 

Ошондой эле 3 элдик ыр-бий ансамбли, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин элдик хор коллективи, 3 аваздык-аспаптык ансамбли иш алып барышат. Маданият тармагында эмгектенгендер 2013-2014-жылдары бир топ ийгиликтерге жетишишти. 

Алсак, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 2013-жылдын жыйынтыгы менен Ак- Суу райондук маданият бөлүмү "Мыкты райондук маданият бөлүмү" номинациясын жеңип алды. Андан тышкары Улуттук китепкана тарабынан жырыяланган “Мыкты китепкана” республикалык кароо-сынакта Жети-Өгүз райондук китепканасы "Мыкты китепкана" наамын жеңди. 

Ысык-Көл районунда өткөрүлгөн “Ысык-Көл жылдыздары” Эл аралык фестивалда Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык маданият үйүнүн “Кызгалдак” бий тобу 2-орунга татыктуу болуп, бүгүнкү күндө Беларуска гастролго барууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу 30-июлда облустагы өкмөт өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: