super.kg logo
  Саясат  

"Google Inc." корпорациясы Кыргызстанды интернет айдыңында эки жарым метр бийиктиктен көрсөтүүнү сунуштады

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 30-июлда "Google Inc." корпорациясынан келген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда компаниянын кызматкерлери өкмөт башчыга өлкөнүн кооз жерлерин эки жарым метр бийиктиктен тартылган 3D сүрөттөрдү интернетке жайгаштырууга ылайыкташкан "Street view" ("Көчөлөрдү көрүү" кызматы) инновациялык долбоор тууралуу айтып беришти. 
Жоомарт Оторбаев бул долбоор туристтерди тартууга кошумча жардам берерин билдирип: "Биз өлкөбүздү туристтер үчүн ачык өлкө катары тааныткыбыз келет. Туризм тармагы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыт болуп саналат. Жылына Кыргызстанга 3 миллиондой адам келет. 2 жыл мурун 44 өлкө үчүн визалык режим токтотулгандан кийин туристтердин саны көбөйдү. "Street view" өлкө маркетинги үчүн күчтүү курал болуп калат. "Google" компаниясы туристтик багытты өнүктүрөт деген үмүттөбүз жана долбоордун ишке ашуусуна көмөктөшөбүз",- деди. 

"Google" компаниясынын кызматкерлери аталган долбоор дүйнөнүн 56 мамлекетинде ишке ашырылып келерин айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: