super.kg logo
  Саясат  

Психиатриялык мекемелерде дарылангандарды күзөтүү көйгөйүн тез арада чечүү керектиги айтылды

 
КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев 30-июлда психиатриялык ооруканаларда дарылангандарды жана соттук-медициналык экспертизадан өтүп жаткандарды күзөтүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ага саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, каржы министринин орун басары А.Кожошев, ички иштер министринин орун басары К.Жунушалиев, Юстиция министрлигинин статс-катчысы К.Майкозов, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Н.Орозалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Жыйында вице-премьер-министр психиатриялык мекемелердеги укуктук актыларды текшерип чыгып, КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди. 

"Кырдаал кооптуу абалга келгенге чейин психиатриялык мекемелерде дарылангандарды күзөтүү көйгөйүн тез арада чечүү керек. Ошону менен катар медициналык кызматкерлердин коопсуздугун да ойлонушубуз зарыл",- деди Абдырахман Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: