super.kg logo

Бишкекте “Азаттык деген алтын сөз” аттуу конференция өтөт

 

1-августта Бишкектеги Улуттук китепканада “Азаттык деген алтын сөз” аттуу конференция өткөрүлөт. Аталган китепканадан билдиргендей, иш-чаранын алкагында иллюстративдик китеп көргөзмөсү уюштурулат. Көргөзмөгө 1916-жылдагы окуя тууралуу гезит бетине жарыяланган материалдар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, фотодокументтер, кыргыз элинин көтөрүлүшү тууралуу уникалдуу материалдар, бул трагедиялуу окуяга арналган кыргыз авторлорунун чыгармалары коюлат.

Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, “Ажар”, “Асаба”, "Элдик курултай" коомдук уюмдары, маданият ишмерлери, чыгармачыл инсандар жана башкалар катышат.

1916-жылкы көтөрүлүш – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарын аткарууга милдеттүү болушкан. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Ошентип, кеч күздө кайгылуу Үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Кытайга качкан 45 миң түтүн элдин жалпы саны 160 миң адамдан ашып, анын 130 миңге жакыны кыргыздар болгон. 1917-жылдын башына карата Жети-Суу облусунда 38 миң түтүн же 150 миң адам зыянга учураган.

1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: