super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер-министр Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын ишин сынга алды

 

Бүгүн, 1-августта КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиясында КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев аталган инспекцияны сынга алды.

Анын айтымында, экотехинспекциянын түзүлгөнүнө 2,5 жыл болгонуна карабастан, албан ийгиликтерди көрсөтө элек. “Бул убакыттын ичинде чоң, пайдалуу иштерди жасаса болот. Сиздер Хрущёвдун, Брежневдин доорундагы эски ыкмаларды колдонуп иштеп жатасыздар. Мекемеңиздерде болгон көйгөйлөр анда системдик коррупция бар болушун билдирет”,- деп кайрылды аталган инспекциянын жетекчилигине Т.Сарпашев.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр экотехинспекцияга кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө 10 күн берди.

Айта кетсек, бүгүн аталган коллегияда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгы жана аны көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жогорулатуудагы көйгөйлөрү талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: