super.kg logo

Бексултан Жакиев: "Үркүндүн 100 жылдыгына карата дүйнөлүк деңгээлдеги эстелик тургузуш керек"

 

Бүгүн, 1-августта Бишкектеги Улуттук китепканада “Азаттык деген алтын сөз” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн максаты - 1916-жылдагы Улуттук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чараларды өткөрүү боюнча коомдук демилгелерди ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу.

Көргөзмөнүн экспозицияларына китептер, гезиттик публикациялар, интервьюлар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, документалдуу сүрөттөр, уникалдуу тарыхый материалдар, бул окуяга арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлган. Иш-чарага Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Бактыбек Максүтов, Элдик курултайдын төрагасы Баяс Турал, чыгармачыл инсандар катышышты.

“Мен Үркүндөн кийин туулсам дагы, эс тарткандан бери 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышканымдай сезиле берет. Анткени чоң апам жана атам ушул каргашалуу көтөрүлүшкө катышкан. Кыргыз эли улуттук ар-намыс, эркиндик үчүн үрккөн. Мен ойлойм Үркүндүн 100 жылдыгына карата дүйнөлүк деңгээлдеги эстелик тургузуш керек”,- дейт Бексултан Жакиев.

1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш дүйнө тарыхынын эң эле трагедиялуу барактарынан. Анын кайгылуу жактары жана эбегейсиз кан төгүлүшү кыргыз жана жалпы эле Орто Азия элдеринин тарыхындагы эстен кеткис окуя болуп саналат.

Орусиялык падышалык саясат боюнча жарактуу жерлердин баары тартылып алынган соң, кыргыздын бөлүгү тоо тарапка толугу менен сүрүлө баштайт. Кыргыздардын тамырын кесип, жер-сууну келгин орустарга бошотуп берүү үчүн ар кандай саясаттар колдонулган. Анын бири 1916-жылы 25-июлда орус падышасынын Чыгыш, Сибирь, Түркстан жана Казакстанда жашаган 19дан 45 жашка чейинки жергиликтүү эр-азаматтар толугу менен кан майдандын кара жумушуна милдеттүү түрдө алынсын деген буйругу болду. Эзүүчүлөрдүн жүргүзгөн саясатына каршы кыргыз эли көтөрүлүшкө чыккан. Теңдешсиз таймашта Чүй, Ысык-Көл, Нарын жергесиндеги кыргыздардын 40 пайызы кыргынга учурап, 170 миңдей адамдын аёосуз курмандыкка чалынышы менен аяктаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
01.08.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эстелик тургузгандан коро,завод-Фабрика курсанар жакшы болмок.Жакшылап онолгондон кийин,анан башкаларын жазаса жакшы болмок.
01.08.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстелик тургузулушуна каршы эмесмин лично! Тарыхый эстелик болуп калат. Каршылык билдирип атып Курманжан датка комплекси да курулбай калды. Акча жеп атышат деп. Аман эле бололу туугандар. Завод-фабрика тургузгандан пайда чыгып жатабы??? Кара-Балтадагы нефть заводду токтотушту тургундар зыян эле зыян деп. Кадамжайдагы алтын кен ишканасын токтотушту зыян эле зыян деп. Тообо кыргызга эч нерсе жакпайт.
01.08.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikow92, завод курулгандан кийин анын фильрин ай сайын алмаштырып туруш керек айлана чойрону абаны булгабаш учун, биринчи айда фильтр менен иштетишет заводторду фильтр толгондон кийин фильрди алмаштыбай эле алып ыргытып жиберип фильтр жок эле иштеткенде ошол Кара-Балтадагы абал болот .. контролдогон органдар акчаны сол капчыка кампыйтып коз жумуп коюшат.Егер ай сайын нормалар менен иштегенде андай болбойт эле.
01.08.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии анан аны тургузуп алып, жакпай калса митинг кылышат каргашалуу эстелик экен деп.Менин оюмча курбай эле коюшсун,анткени эстелик куруу да озунчо коррупция.Ала тоо майданындагы эстелик учун канча миллионду чапчып кетти
02.08.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Light, менин оюмча дагы тургузбай эле койгону жакшы,биринчиден ал жерде чындап коррупция,миллиондогон акчалар чондордун чонтогуно кетет,экинчиден ошого кеткен акчаны балдар уйуно,рак м-н ооруган адамдарга,жетим-жесирлерге,балдар уйуно беришсе жакшы болмок.Мамлекет кедейчиликтен чыга албай жатып кайдагы эстелик,козу тируу адамдар жонундо ойлонолук,алар олуп калбаш учун.Чет мамл-н карызга акча алышып карызга белчеден батканда кайдагы эстелик.Мамлекетибиз бай болгонда мага десе 100 эстелик орнотсун
01.08.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекеттин тарыхы болуш керекта демек эстелик тургузуш керек
02.08.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kursantbek, биздин ошол мамлететтик тарыхыбызды чондор баалайт бекен? Баалашса ушундай абалга жетет белек?
02.08.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай тарыхый окуяларга тургузса болот эстеликти. Анан каяктагы бир чиновниктин бийлиги учун митингке чыгып ок жеп олгондорго эмес.
03.08.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эстеликти коё туруп чек араны жакшына тургузуп алгылачы биринчи.
03.08.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhalynbek, туура айтасын,биринчи озубуздун,тируу адамдарыбыздын тагдырын чечип алгыла,андан башка проблеманар жоктой суйлойсунор,кимдир бироонун чонтогу кургап калган окшойт,эстеликке шылтоолоп чонтогун толтурайын деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: