super.kg logo
  Саясат  

Максуда Айтиева ЭлТРдин башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 
Бүгүн, 1-августта Айтиева Максуда Жанибековна Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү» телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 
2013-жылдын ноябрь айында бул кызматка Султанбек Жумагулов дайындалып, кечээ, 31-июлда анын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ЭлТРдин башкы директорунун милдеттерин аткаруудан бошотулган
Максуда Айтиева 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн. Телеберүү жаатында "Криминал" аналитикалык берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болуп иштеген. 2000-жылы Баткен шаарында "Салам" радиосун негиздеген. Ош жана Баткен шаарларындагы жаш кабарчылар клубунун жетекчиси. 2006-жылдан баштап Оштогу медиаборборду жетектеп келген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: