Бектен Сыдыгалиев менен Аман Мамбетсеитов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан бошотулушту
Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 1-августта кол койгон буйругуна ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Бектен Сыдыгалиев кызматынан бошотулду.
Ал 2011-жылдын 14-декабрында аталган мекеменин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болуп дайындалган.
Ошондой эле башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу комитеттин дагы бир орун басары Аман Мамбетсеитов да ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

