super.kg logo
  Саясат  

Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата сынак өткөрүү процедурасы жакшыртылды

 
Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата сынак өткөрүү процедурасы жакшыртылды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 2-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган документ административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата сынак өткөрүү процедурасын жана тестирлөөнү жакшыртуу максатында кабыл алынган. Эң ириде ал сынак өткөрүү стандарттарын жана процедурасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө карата компьютердик тестирлөөнү тутумдаштырууга багытталган.

Белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик кызматта иштөөнү каалаган талапкерлерге мыйзамдуулукту билүүгө карата талаптардын санынын жогорулатылышы мамкызматкерлердин адискөйлүк деңгээлин, мамлекеттик тейлөө сапатын, маморгандардын ишмердүүлүк натыйжасын жогорулатуу үчүн тийиштүү кадам катары саналат.

Белгилүү болгондой, 2008-жылдын октябрь айынан тарта мамлекеттик кызматка келүүнү каалаган жактар үчүн компьютердик тестирлөө, ал эми 2013-жылдын март айынан тарта муниципалдык кызматка кирген кызматкерлерге да ушундай талап коюлат.

Тестирлөө эки түр боюнча: негизги жана предметтик катары жүргүзүлөт. Мында мыйзамга ылайык, жоопсуз суроолор варианты маморгандардын сайттарына жайгаштырылышы тийиш.

Бирок Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн талдоо жана мониторинг көрсөткөндөй, тестирлөөнүн катышуучулары мамлекеттик органдар сайтында жайгаштырылган гана суроолор боюнча даярдык көрөт, бирок толук билимди текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын жалпы тексти боюнча даярдануу зарыл.

Токтомду ишке ашыруу көрсөтүлгөн кемчиликти жоюуга багытталган, ал эми тестирлөөнүн катышуучуларына суроолордун бардык тармактары боюнча даярдык көрүү талап кылынат.

Ошондой эле мамлекеттик органдар ишмердүүлүгүндөгү маалыматтын ачык-айкындыгына жетишүү максатында сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат 3 жумушчу күн аралыгында мамлекеттик органдардын веб-сайттарына жайгаштырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: