Украинадагы окуяларга байланыштуу эл аралык патриоттук чогулуш Ысык-Көлдө өтөт
18-28-август күндөрү Ысык-Көлдө "Союз-2014 – Жеңиштин урпактары" аталышындагы эл аралык патриоттук уюмдардын аскерий-спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта маалымат жыйынында уюштуруучулар билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада мурунку Советтер Союзунун 12 мамлекетинен 500дөн ашуун жаштар катышат. "Бул оюндар онунчу болуп саналат. Буга чейин иш-чараны Украинада өткөрүү пландалган болчу. Бирок бул өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу ал Кыргызстанда болот деп чечилди",- деген уюштуруучулар иш-чаранын максаты жаштар арасында эл аралык достукту бекемдөө экенин белгилеп өтүштү. Расмий ачылышы 19-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү катышышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.