super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: “Бийлик өз жоопкерчилигин сезип турушу керек”

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Япония парламентинин Тышкы иштер жана коргонуу боюнча комитетинин директору Масахиса Сато баштаган Кеңешчилер палатасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта ЖКдан билдирди.

Иманалиев Япония тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамдары үчүн, айрыкча Эл аралык кызматташтык боюнча япон агенттигинин (JICA) иш-аракеттеринин чегинде көмөк көрсөтүлүп жатканына терең ыраазычылык билдирди. Анын айткандарына караганда, Япония менен Кыргызстанда экономикалык карым-катнаш түзүүнүн потенциалы өтө чоң. “Биздин өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө, тоо-кендерин иштетүүгө, айыл чарбасына инвестиция зарыл болуп турат”,- деп белгиледи ал.

Масахиса Сато Кыргызстан парламенттик демократияны куруу маселелеринде айтарлык ийгиликтерди жарата алды деп белгиледи. Ошону менен бирге эле ал делегациянын башкы максаттарынын бири “Өнүгүүгө расмий жардамдар» долбоорлорунун ишке ашырылышы менен таанышуу экенин билдирди.

Иманалиев "эң негизги милдет демократиялуу, ачык жана таза шайлоолорду өткөрүү болуп турат" деп белгилеп: “Бийлик өз жоопкерчилигин сезип турушу керек. Ал эми биз ошон үчүн шайлоолордун таза өтүшүнө болгон аракетибизди жумшашыбыз керек”,- деп айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: