Эльвира Сариева: "25-августка чейин жалпы билим берүү мекемелеринин пландаштырылган курулушун аяктоо зарыл"
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева 4-августта “капиталдык салым” беренеси боюнча каржылоо жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилердин курулушун тездетүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы билим берүү мекемелеринин курулушунун жүрүшү тууралуу маалыматты КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамагенттиги жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымдады.
Жыйын соңунда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамагенттигине үстүбүздөгү жылдын 25-августуна дейре жалпы билим берүү мекемелеринин пландаштырылган курулушун аяктоо тапшырмасы берилди.
Буга катар Финансы министрлиги “капиталдык салымдар” беренесинин алкагында курулуп жаткан мектеп жана башка социалдык объектилердин курулушуна багытталчу каражаттарды өз учурунда бөлүп берүүсү тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

