Эмилбек Каптагаев япон парламентинин өкүлдөрү менен жолугушту



Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ жана япон парламентинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Эмилбек Каптагаев кызматташууга көмөк көрсөтүп келген элчиге ыраазычылык билдирип өттү. Ошондой эле тоо-лыжа туризми, ден соолукту чыңдоо жаатында, минералдык жана дарылык касиети бар суулар, экологиялык туризм жөнүндө айтып берди. Ошондой эле япон делегаттары менен "Бир айылдан бир түшүм" долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу 5-августта облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

