super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Аскерлер энелеринин коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөсүнө өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырды

 
Жоомарт Оторбаев 5-августта өкмөттүн Ардак грамотасын Кыргыз Республикасынын Аскерлер энелеринин коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөсү Галина Афонинага өз колу менен тапшырды.

Сыйлык КРнын Аскерлер энелеринин коомдук бирикмесин түзүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле аскердик кызматка чейинки жаштагы муунга аскердик-патриоттук тарбия берүү ишине жана КРнын күч ведомстволорунун аскер кызматкерлери арасында аскердик тартипти чыңдоого кошкон салымын эске алуу менен тапшырылууда (КР Өкмөтүнүн 15-июлдагы №262-р буйругу).

Жоомарт Оторбаев сыйлыкты тапшырууда Галина Афонина жаштарга патриоттук тарбия берүү, аскер кызматкерлеринин укугун коргоо, жогорку моралдык баалуулуктарды жана принциптерди жайылтуу ишине зор салым кошкон маанилүү уюмду түзгөндүгүн белгиледи. "Бул сиздин алгачкы өкмөттүк сыйлыгыңыз болуп саналбайт. Өкмөт сиздин узак убакыттан берки эмгегиңизди жогору баалайт. Сиз чыныгы патриоттуулуктун, өсүп келе жаткан муун үчүн Ата Мекенге ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келесиз. Сиз өлкөнүн мыкты жаранысыз, биз муну менен сыймыктанабыз.

Ардактуу эс алууда жүрүү менен катар сиз аскер кызматкерлеринин шартын жана мектеп окуучуларынын тарбиясын жакшыртуу максатында жигердүү аракеттенип келүүдөсүз",- деди Жоомарт Оторбаев.

Андан соң өкмөт башчы Галина Афонинага чың ден соолук жана өлкө бакубаттуулугу үчүн ийгиликтүү эмгектенүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: