super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик салык кызматы: "Декларацияны өз убагында тапшырбаганы үчүн 197 уюм административдик жоопкерчиликке тартылды"

 
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Декларацияны өз убагында тапшырбагандыктары үчүн 941 миң сомго 197 уюм административдик жоопкерчиликке тартылышып, анын 884 миң сому бюджетке өндүрүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 2013-жылы алынган кирешелер же салык салынуучу жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык кызмат органдарына 347 198 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырган, анын ичинен 35 802 – уюмдар, 79 127 – жеке ишкерлер жана 232 269 – жеке жактар.  

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалган, бул тууралуу төмөнкү статистика тастыктайт: өткөн жылга салыштырмалуу 22 970 декларацияга көп тапшырылган.

2014-жылдын 1-мартынан тартып 1-майына чейинки мезгилде түшкөн арыздар боюнча 558 уюмга бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтү узартылып берилген. 1-июлга карата алардын ичинен 546 уюм декларацияларын тапшырышкан.

Белгилей кетсек, 2013-жылдагы декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башталышынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар үчүн, 1-июлга чейин жеке жактар үчүн өткөрүлгөн. Жеке жактарга мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттин негизинде салык төлөгөндөр), менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, анын ичинде жер тилкеси бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.

Жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылгандыгына байланыштуу 1-апрелден тартып 30-июнга чейин 7893 салык төлөөчү кошумча тапшырышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: