super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлиги Беларусь элчилигинен Курманбек Бакиевге мамлекеттик сыйлык берилгенин түшүндүрүүнү талап кылды

 

КРнын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкодон Курманбек Бакиевдин Беларусь президенти Александр Лукашенконун колунан Элдердин достугу орденин алганы боюнча маалыматты түшүндүрүүнү талап кылды. 

Элчи Денисенко мындай маалыматка учурда ээ эместигин айтып, жакынкы аралыкта тактап берүүнү убада кылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.   

Айта кетсек, 1-августта Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге Элдердин достугу орденин тапшырганы боюнча жергиликтүү ММКлар Беларустагы сайттардын бирине шилтеме берүү менен жарыялашкан болчу.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: