super.kg logo

Чүйдө "кароолчу айымдын башына жана мойнуна бычак сайган" деп шектелип 60 жаштагы жаран кармалды

 

Чүйдө "59 жаштагы айымдын башына жана мойнуна бычак сайган" деген шек менен 60 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.

Маалыматтарга караганда, Чүй районунун Арал айылынын 1955-жылы туулган К.О. аттуу тургуну жол ишканасында кароолчу болуп эмгектенип келген. Кечээ саат 05:00 чамасында ал иштеген ишканага 1954-жылы туулган К.Т. аттуу тургун мас абалында келип, себепсиз эле К.О. аттуу айымдын моюнуна, башына бычак сайып салган.

Бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабарланып, изи сууй электе кылмышка шектүү К.Т. кармалган.

Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: