super.kg logo
  Саясат  

Жарым жыл ичинде салык органдарынын 43 жетекчиси жоопкерчиликке тартылды

 

2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын чечимин аткаруу максатында Салык кызматынын бир катар башкармалыктарынын жетекчилерине жана жетекчилеринин орун басарларына тартиптик жазалар берилди. Бул тууралуу буйрукка МСКнын жетекчилиги кол койгонун бүгүн, 6-августта мекемеден билдирди.

Маалыматта “Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги салык органдарынын башчыларына жана алардын орун басарларына ар бир айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин болжолдук көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жазаларын колдонуу маселеси каралары тууралуу эскертти” деп айтылды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-июлунда МСКнын 2014-жылдын 6 айындагы ведомствонун иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Отурумда 6 айдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык карыздарын өндүрүү боюнча иштердин абалы тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдү каттоо жана издөө борюнча иштер, республиканын салык органдарындагы укуктук иштердин абалы жана башка зарыл маселелер каралды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: