“Жалал-Абад облусунда 32 жаштагы айымды тапанча менен коркутуп, 100 миң сомун тартып алган” деп шектелип 2 жаран кармалды
“Жалал-Абад облусунда 32 жаштагы айымды тапанча менен коркутуп, 100 миң сомун тартып алган” деп шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү белгисиз адамдар 32 жаштагы айымды тапанча менен коркутуп, 100 миң сомун тартып алышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
Жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган М.Айтматов жана З.Акмат уулу кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.