Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүн 17ден 12 министрликке чейин кыскартуу боюнча чечим чыгарды
Бүгүн, 6-августта кеңейтилген отурумда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн айрым министрликтерин жоюп, өкмөткө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимин жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Нургазы Аматов
"Мен 12 министрликтен жана 30 комитеттен турган өкмөттүн жаңы структурасын түзүү боюнча чечим чыгардым. Буга чейин 17 министрлик, 9 агенттик, 54 комитет, 272 департамент болгон. Бардык 9 агенттик министрликтердин курамдарына комитеттер катары киришет",- деди өлкө башчысы.
Мындан тышкары ал жаңы 5 министрликтин түзүлөрүн баса белгиледи. "Өкмөттү тартипке киргизели. Казакстан дүйнөнүн өнүккөн 30 мамлекетинин катарына кириш үчүн башкаруу системин ушул мамлекеттердикиндей кылганыбыз туура. Чечим чыгаруу борборун өкмөттөн министрликтерге өткөрүп, керексиз майда-чүйдө иштерди жана бюрократизмди кыскартабыз",- деп түшүндүрдү Назарбаев.
Айта кетсек, КРнын Өкмөтү 15 министрликтен, 10 кызматтан, 7 агенттиктен, 3 фонддон, 2 инспекциядан жана 1 комитеттен турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

