super.kg logo

Мамлекеттик айыптоочулар И.Өмүркуловго карата чыгарылган актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошту

 

Мамлекеттик айыптоочулар Октябрь райондук сотунун И.Өмүркулов, А.Абдыкаров, М.Кадырмамбетов, М.Тезекбаев, Б.Дүйшөнбиевге карата чыгарылган актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев,  Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан. 

2014-жылы 1-августта Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.08.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
артка кайтарып бир жолу камап койгулачы
07.08.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иса Омуркуловтун куноосу жок, суттой апак кылып Сот актап чыгарса,Жалган-жалаа доо койгон прокуратура кызматкерлерин жоопко тартыш керек,башка айла жок мыйзам баарына бирдей болуш керек да!!!Ишти кайрадан тергеп куноосун далилдешсе анда ошол окум чыгарган Сотту жоопко тартыш керек!!!!МЫЙЗАМ баарына бирдей иштеш керек! эки стандарт деген жок болуш керек!!
Dadin1 түзөттү 07.08.2014 11:22
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: