"Михаэль Шумахердин медициналык китепчесин уурдады" деп кармалган жаран өзүн өзү асып алды

"Михаэль Шумахердин ооругандыгы тууралуу бүт аныктамалар жазылган медициналык китепчесин спортчу дарыланган Франциянын Гренобль клиникасынан уурдады" деп кармалган жаран өзүн өзү асып алды. Ал 5-август күнү камакка алынган эле. Анын денесинде күч колдонуу же мыкаачылык менен өлтүрүүнүн белгилери болгон эмес. Бул тууралуу 6-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Буга чейин укук коргоо органдары "спортчунун медициналык китепчесин уурдоого Шумахерди Гренобль шаарындагы ооруканадан Лозаннадагы клиникага жеткирген тик учактар компаниясынын кызматкерлеринин катыштыгы бар" деген божомолду айтышкан эле. Кылмышка шектүүнүн авиаташуу менен алектенген компанияда иштээри аныкталган.
Июнь айында кылмышка шектүү Кагемуся лакап аты менен европалык ММКларга медициналык картаны сунуштаган. Журналисттер укук коргоо органдарына маалымдашып, кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, автожарыштын "Формула-1" сериясы боюнча өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун 7 жолку чемпиону М.Шумахер 2013-жылдын декабрь айында тоодо лыжа тээп жүргөн жеринен жыгылып, комага түшүп калган.
Июнда 5 айдан ашык убакыт бою комада жаткан германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер комадан чыкканы жана анын медициналык китепчеси уурдалганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
WINNER

07.08.2014. 12:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошончолук маанилуубу ошол китепчеси?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.