Өткөн сутка ичинде республика аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, Кызарт ашуусундагы радиостанцияда өрт чыкты
Өткөн сутка ичинде республика аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Нарын облусунун Кызарт ашуусундагы радиостанцияда өрт чыккан. Ошондой эле жанындагы вагондун ичиндеги буюмдар күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.