Канатбек Муратбеков энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду
Канатбек Муратбеков

Канатбек Муратбеков берген арызына ылайык, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары кызматынан бошотулду. Буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-августта кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьердин башка буйругу менен Муратбековдун ордуна Сүйүнбай Айткулов энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

