super.kg logo

Ырчылар Айнура Салахидинова, Роза Шакирова жана Азиза айылдагы келиндердин образында клип тартышты (фоторепортаж)

 
Ырчы Роза Шакирова: “Мен “Туңгуч” театрында ырдап жүргөндө бул ырды Асылбек Өзүбеков аткарчу. Ошондо "кийин бул ырды мен ырдап чыгам, клибине чыгармачыл досторумду же классташтарымды тартам" деп максат кылган элем".
Айнура Салахидинова: "Жөнөкөй образда, шөкөттөлгөн көйнөксүз, макияж койбостон, өзүбүздүн балдарыбыз менен келип, айылдын бейпил турмушун клипке тарттык”.
“Баарыбыз айылда туулуп-чоңойгондуктан, элет турмушу бизге жат эмес. Кан-жаныбызга сиңген жашоону бир күн болсо да өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп эскерип коюуну туура көрдүк",- деди ырчы Азиза.
Айылдын турмушуна бышкан Роза айым чөптү оңой эле оруп жатты.
Сабиз отогонго Роза айымга баласы Руслан жардам берип жүрдү.
Роза айым сабизди этегине аарчып эле жеп кирди.
Айнура Салахидиновага буудай сапырганды айыл тургуну көрсөтүп берди.
Айнура айым уй сааганда уй андан чочуган жок.
Кой-Таш айылынын көрүнүшү.
Азиза айым шаарга көнө түшкөнбү, ак кол боло түшүптүр.
Азиза айым оор чөптү араң көтөрүп жатты.
Алы келбей калганда курбусу Роза айымды жардамга чакырды.
Роза айым чөптүн үстүнө да чыга калып, клиптин жакшы тартылуусу үчүн болгон күчүн жумшады.
Образ жаратам деп Роза айым чөптөн кулап да түштү.
Айнура Салахидинованын торолуп калган Дари аттуу баласы да бул клиптин каарманы болду.

Бүгүн, 7-августта ырчылар Айнура Салахидинова, Роза Шакирова жана Азиза сөзү, обону КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековго таандык “Эсиңдеби, курбум, баягы?” аттуу чыгармага клип тартышты. Клипте ырчылар Кой-Таш айылында чөп чаап, орок оруп, уй саап, буудай сапырып, айтор, чыныгы айыл жашоосун чагылдырышты. Элет элинин жашоосу үч курбу үчүн тааныш болгондуктанбы, айылдык келиндердин образын ачып берүү кыйынга турган жок. Бейпил Маманов режиссёрлук кылган клип жакынкы күндөрдө күйөрмандардын сынына коюлат.

“Үчөөбүз тартылган акыркы клипке күйөрмандардын берген билдирүүлөрүн окуп күлгөнбүз. Алар "баягы эле кычыраган автоунаа, заманбап үйлөр, эч өзгөчөлүк жок, өзгөртпөйсүңөрбү" деген ойлорун калтырышкан. Ал эми бул ырдын маанисине айыл жергеси туура келди. Ошондуктан жөнөкөй образда, шөкөттөлгөн көйнөксүз, бетибизге макияж койбостон, өзүбүздүн балдарыбыз менен келип, айылдын бейпил турмушун клипке тарттык”,- дейт Айнура Салахидинова.

“Баарыбыз айылда туулуп-чоңойгондуктан, айылдын турмушун жатка билебиз. Кан-жаныбызга сиңген жашоону бир күн болсо да өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп эскерип коюуну туура көрдүк. Акыркы убакта жасалма нерседен көрөрмандар тажап кетишти. Андан бир аз болсо да алыстап, айылдын жашоосун ырыбыздын клиби аркылуу жеткирүүнү максат кылдык. Көрөрмандар кандай кабыл алышат, аны өздөрү чечишет, жаман билдирүү калтырбайт болуш керек деп ойлойм”,- дейт Азиза.

Ырчы Роза Шакирова буларды кошумчалады: “Мен “Туңгуч” театрында ырдап жүргөндө бул ырды Асылбек Өзүбеков аткарчу. Ошондо "кийин бул ырды мен ырдап чыгам, клибине чыгармачыл досторумду же классташтарымды тартам" деп максат кылган элем. Бүгүн болсо ал максатым орундалды. Азиза, Айнура үчөөбүз 10 жылдан бери чогуу жүрөбүз. Дайыма эле кычыраган көйнөк кийип, бетибизге 5 тонна макияж кылып алып ырдачубуз. Мында кандай болсок, ошондой бойдон тартылдык”.  






 
 Кыстарылган аудио 

Асылбек Өзүбеков "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(33)
07.08.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мына силерге клип элеби дешиптир да ))))
Азаматсыңар Роза , Азиза , Айнура эжекелерим . Силер кандай гана болбогула куйормандар ошол боюнча кабыл алабыз .
07.08.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Менин женелеримго айылда иш калбай калыптырго баарын жасап коюптурлар
07.08.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bujum32, кечиресин, менин бир аяшыма окшоп суйлойт экенсин. Коюптурлар барыптырлар келиптирлер.
07.08.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодцы...:)
07.08.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы кайдагы эле клиптер кобойуп кетти ушул да туура
07.08.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Аа мурун чыккан фабрика тобунун девушки фабричные дегенин туурашат экен да
07.08.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан коробуз?клипти?
07.08.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн сонун
07.08.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарыбызга жагат деген умуттомун. Боенгон жокпуз деп айтышканда тан калдым эле, жок дегенде "естественный макияж " кылышса болмок деп. Ошондой кылышыптыр. Азаматтар! Клиптеги тамак кылган очок таянемдин очогуна аябай окшош экен))) .
07.08.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кечке эле кооз шаарлар, машиналарды коро берип тажаган элек.
Сонун эжекелер, азаматсынар.
Ыр клип баарына жагат деген ойдомун.
07.08.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой,мынча сонун.Жан дуйного жакын клип болгон го.
Учоо кандай соооунн курбулар!!!!
07.08.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
клипти качан коробуз??? молодцы)
07.08.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Учоо тен таланттуу ырчылар. Аябай сыйлайм буларды. Ийгилик каалайм.
07.08.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы клип болду деген умуттомун. Бирок "макияжсыз" дегендери бир аз коркомдолуп калыптыр. Себеби билинип турат. Роза айым озу жасалмасыз мага жаккан ырчылардан.
08.08.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Клипти чыдамсыздык менен кутобуз,азаматсыздар!Баарыныздарга уй-булолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм.
08.08.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушуну изденуу десе болот.Жараткан образдары оздоруно жарашып эле калыптыр.Мага жакты!
08.08.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анна сага клип,манна сага клип нукура кыргыздын клиндери.
08.08.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодцы. ..супперсинер!!!
08.08.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клип соонун болгонго сыягы. Озгочо идеалары жакты элет турмушун коргозушкону. Бирок баарыбир чп чыгат экен да. Айылдык женелер бир аз этек- жендери узунураак кийише беле?
Азиза эжем шарф тагынбай Роза менен Айнура эжеге окшоп жоолук тагынса болмок. Баарынан да Роза эженин формасы жакшы и вообще естественная да ушул эжем. Айнура эже буудай сапырып илгерки заман кылып ийиптир го. Азыр билбейм баарыле ун сатып жешсе керек....
08.08.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ото эле аша чаап кеткен эмеспи? айылда эч качан келиндер чоп жыйнабаган. жыйнасада жени узун койнок кийишет ошол жери анча окшошпой калыптыр. клипи чыксынчы анан дагы кемчиликтери корунуп калса айтабыз. бирок ырдын мааниси тузук эле
08.08.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
охооо озумдун эжемда,айдаркендин эле эмес кыргызстандын сыймыгы роза эжекем
08.08.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар.
08.08.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар! Апам жапкан нан жыттанган, таза аба, сыдырым жел жердин бейишиндей айылымы, жашоодогу алтын мезгил балалыкты сагындырып жиберди го. Эн сонун идея. Ишинерге ийгилик.
08.08.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоп жыйып, буудай сапырган жерлерин жон эле коюшпаптыр, уй саап, сут тартып, нан жаап аялдар жасачу эле жумуштарды жасап корсотушпоптур.Кийимдери норма эле, жени менен эле кийип журушто го, бир жолу атлас койнок, штан кийип алышсынбы Тынарга (куудул) окшоп. Бирок, азаматтар, озунчо эле шикар боло берген клиптерден коро жакшы чыгат болуш керек.
08.08.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо суротторго караганда сонун клип болгон окшойт.
08.08.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы айыл турмушун чагылдырган го. Жарашып эле калыптыр го ырчы эжекелерибизге. Клипти кутуп калабыз.
08.08.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыздар +555555555
08.08.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
вопше зоор ыр екен
09.08.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
messi.kg, мазактоодон алыс болуңуз!
13.08.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beypil mamanov tarttyp jatyptyr klip jakshy bolot dep ishenem
Медиа-портал
17.09.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек аканын ырларын суйуп угамшооо чиркин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: