super.kg logo

Ырчылар Айнура Салахидинова, Роза Шакирова жана Азиза айылдагы келиндердин образында клип тартышты (фоторепортаж)

 
Ырчы Роза Шакирова: “Мен “Туңгуч” театрында ырдап жүргөндө бул ырды Асылбек Өзүбеков аткарчу. Ошондо "кийин бул ырды мен ырдап чыгам, клибине чыгармачыл досторумду же классташтарымды тартам" деп максат кылган элем".
Айнура Салахидинова: "Жөнөкөй образда, шөкөттөлгөн көйнөксүз, макияж койбостон, өзүбүздүн балдарыбыз менен келип, айылдын бейпил турмушун клипке тарттык”.
“Баарыбыз айылда туулуп-чоңойгондуктан, элет турмушу бизге жат эмес. Кан-жаныбызга сиңген жашоону бир күн болсо да өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп эскерип коюуну туура көрдүк",- деди ырчы Азиза.
Айылдын турмушуна бышкан Роза айым чөптү оңой эле оруп жатты.
Сабиз отогонго Роза айымга баласы Руслан жардам берип жүрдү.
Роза айым сабизди этегине аарчып эле жеп кирди.
Айнура Салахидиновага буудай сапырганды айыл тургуну көрсөтүп берди.
Айнура айым уй сааганда уй андан чочуган жок.
Кой-Таш айылынын көрүнүшү.
Азиза айым шаарга көнө түшкөнбү, ак кол боло түшүптүр.
Азиза айым оор чөптү араң көтөрүп жатты.
Алы келбей калганда курбусу Роза айымды жардамга чакырды.
Роза айым чөптүн үстүнө да чыга калып, клиптин жакшы тартылуусу үчүн болгон күчүн жумшады.
Образ жаратам деп Роза айым чөптөн кулап да түштү.
Айнура Салахидинованын торолуп калган Дари аттуу баласы да бул клиптин каарманы болду.

Бүгүн, 7-августта ырчылар Айнура Салахидинова, Роза Шакирова жана Азиза сөзү, обону КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековго таандык “Эсиңдеби, курбум, баягы?” аттуу чыгармага клип тартышты. Клипте ырчылар Кой-Таш айылында чөп чаап, орок оруп, уй саап, буудай сапырып, айтор, чыныгы айыл жашоосун чагылдырышты. Элет элинин жашоосу үч курбу үчүн тааныш болгондуктанбы, айылдык келиндердин образын ачып берүү кыйынга турган жок. Бейпил Маманов режиссёрлук кылган клип жакынкы күндөрдө күйөрмандардын сынына коюлат.

“Үчөөбүз тартылган акыркы клипке күйөрмандардын берген билдирүүлөрүн окуп күлгөнбүз. Алар "баягы эле кычыраган автоунаа, заманбап үйлөр, эч өзгөчөлүк жок, өзгөртпөйсүңөрбү" деген ойлорун калтырышкан. Ал эми бул ырдын маанисине айыл жергеси туура келди. Ошондуктан жөнөкөй образда, шөкөттөлгөн көйнөксүз, бетибизге макияж койбостон, өзүбүздүн балдарыбыз менен келип, айылдын бейпил турмушун клипке тарттык”,- дейт Айнура Салахидинова.

“Баарыбыз айылда туулуп-чоңойгондуктан, айылдын турмушун жатка билебиз. Кан-жаныбызга сиңген жашоону бир күн болсо да өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп эскерип коюуну туура көрдүк. Акыркы убакта жасалма нерседен көрөрмандар тажап кетишти. Андан бир аз болсо да алыстап, айылдын жашоосун ырыбыздын клиби аркылуу жеткирүүнү максат кылдык. Көрөрмандар кандай кабыл алышат, аны өздөрү чечишет, жаман билдирүү калтырбайт болуш керек деп ойлойм”,- дейт Азиза.

Ырчы Роза Шакирова буларды кошумчалады: “Мен “Туңгуч” театрында ырдап жүргөндө бул ырды Асылбек Өзүбеков аткарчу. Ошондо "кийин бул ырды мен ырдап чыгам, клибине чыгармачыл досторумду же классташтарымды тартам" деп максат кылган элем. Бүгүн болсо ал максатым орундалды. Азиза, Айнура үчөөбүз 10 жылдан бери чогуу жүрөбүз. Дайыма эле кычыраган көйнөк кийип, бетибизге 5 тонна макияж кылып алып ырдачубуз. Мында кандай болсок, ошондой бойдон тартылдык”.  






 
 Кыстарылган аудио 

Асылбек Өзүбеков "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(33)
Медиа-портал
20.06.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуш ыр! Өткөндү эске түшүрүп, жүрөккө уйгу-туйгу салып, көңүл эргиткен ыр.
Медиа-портал
08.11.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ырдын сөзүн жазып коесуздарбы сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: