super.kg logo

Сокулукта колу-буту таңылып сууга чөктүрүлгөн жарандын өздүгү такталып, кылмышка шектүү 4 адам кармалды

 

Сокулук районунда колу-буту таңылып сууга чөктүрүлгөн жарандын өздүгү такталып, аны өлтүргөн деген шек менен 4 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.

Эске салсак, июль айында Сокулук районунун Панфилов айылына жакын жердеги көлмөдөн колу-буту байланган 30-35 жаштардагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылган.

Жансыз дененин үстүндө көк футболка, жынсы шым, ак сызыктары бар көк бут кийим бар болгон. Оң колунун терисинде балтага окшош сүрөт, сол колунун терисинде жел айдагыч (парус), 3 жылдызча жана күрөө тамырында кескиленген сыяктанган сүрөттөр тартылган. Иликтөөлөрдө маркум 24 жаштагы Б.С. аттуу жаран экени аныкталган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган жарандын өлүмүнө шектүү катары Б.Ш., К.А., Ж.О. жана Н.А. аттуу адамдар кармалышты. Маалыматтарга караганда, бул жарандар маркум менен үй талашып жүрүшкөн. Алар 24 жаштагы Б.С. аттуу адамды Панфилов айылына жакын жердеги көлмө тарапка алып барып ур-токмокко алышып, өлтүрүп салышкан. Андан соң маркумдун башына мүшөк кийгизишип, колу-бутун таңып көлмөгө чөктүрүп жиберишкен.

Учурда шектүү делген жарандардын баары камакка алынып, иликтөө иштери уланып жатат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
07.08.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым иттин башына да мындай олум салбасын. Акыркы убакта адам олтуруу чымчык олтургондой эле болуп калды го. Мыкаачы зоокурлорго олум жазасын киргизгенде мындайлар азаят эле.
Р
07.08.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nasi81, Адам олтуруу чымчык олтургондой эмес, чымын олтургондой болуп калды азыркы заманда. Заман эмес, адамдар бузулду айбандан да жаман болуп.
07.08.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмышкерлердин аттарын толук жазсанар жакшы болот эле supеr.kg
07.08.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Krasnyi.kg, мен да каалайт элем ушундай кылмышкерлердин суроту м.н корсотуп коюшкандарын. Себеби, сак болмокпуз. Бир жолу бир кишинин аты жону, суроту м.н чыгарышты эле...
07.08.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа да кж.кз.рф.узб.кнр.сша.дебей толук аттарын жазышса кылмышкерлердин
07.08.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кылмыш кылгандан коркпой уяалбаган иттердин аттын толук жазсанар алардан уяалып тергебей.кудай жазасын берсин иттердин.
07.08.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге бизде мыкаачылык куч алып барат? Неге ошончолукка барып жатабыз? Неге???!!! Бироонун конулун оорутканда, капа кылганда, жамандык кылганда баарыбыздын эсибизде болсо экен. Биз баардык кылган жаман кыймылыбызга жооп беребиз. Бул жалганда качып же сотко акча берип кутулуп кетишибиз мумкун. Бирок туболукко качып кутула албаган акыретке бараарыбызды унутпасак. Ал жакта жаза бул жактагыдан млн эсе кучтуу. Жакшы адам болойлучу башка элге шерменде болбой. Баарыбыз бир туугандай болойлучу.
07.08.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alai.kyzy сага кошулам оздору мээнет кылбай бироонун ашына байлыгына коз артышат.Ошондон ушундай окуялар коп болууда.
07.08.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
аттарын толук жазып коюшса болмоооооок...
08.08.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meka1811, tergoo ishterinin kyzykchylygy uchun toluk jazylbayt
07.08.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кылмышы далилденбей туруп атын кантип толук жазат ойлонсонор?
08.08.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген эле заман болуп калган. Кыргызстанда качан болсо эле "мыкаачылык менен олтурулгон адам табылды,8жашар 9 жашар кызды зордуктады, соттордун адилетсиздигинен, врачтардын шалаакылыгынан" деген сыяктуу эле кабарларды окуп калдыкго.
08.08.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тортоонон бироо жазасын толук алсада шугур.
08.08.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындайга тан калбай деле калдык го Кун сайын бир шумдук угабыз.
11.08.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротту алып эле койгулачы сураныч журогум токтоп калайын деди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: