super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Бишкекти жана шаар четиндеги райондорду газ менен камсыз кылуу тапшырмасын берди

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 7-августта вице-премьер-министр Валерий Диль, «Газпром Кыргызстан» жана башка тийиштүү министрликтер, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, Бишкекти жана шаар четиндеги райондорду газ менен камсыз кылууну айтты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 
«Электр энергияны үнөмдөө максатында Бишкекти жана жаңы конуштарды жаратылыш газы менен камсыз кылууну күчөтүү зарыл. Жаңы кошумча инженердик инфраструктураны кошуу үчүн бир катар иш-аракеттерди жүргүзүү керек»,- деди Оторбаев.

Ошондой эле өкмөт башчы «Газпром Кыргызстан» жана Энергетика министрлигине өлкөнүн газ-энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча комплекстик программаны иштеп чыгууга бир айлык мөөнөт берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: