super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Орусияга киргизилген санкциялардан Кыргызстан пайдаланып калышы керек"

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 8-августта Талас облусундагы Бекмолдо айылына иш сапары менен барды. Анда айыл чарба тармагындагы экспорттун көлөмүн жогорулатуу үчүн Орусияга киргизилген санкциялардан Кыргызстан пайдаланып калышы керектигин айтты. Буга байланыштуу тийиштүү программаны иштеп чыгуу үчүн айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге тапшырма берди. 
"Орусияга азыркы тапта башка мамлекеттер санкцияларды киргизип жатат. Мындан улам алар Орто Азия мамлекеттеринен продукцияларды алышат. Кыргызстан ушул учурдан пайдаланып калышы керек. Орусия айыл чарба продуктуларын сатып алууга 50 миллиард доллар бөлөт",- деди өкмөт башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: