"Жер-Үй" кенин иштетүүгө лицензиянын баасы буга чейин сунушталган 300 миллион доллардан төмөн болот






КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 8-августта Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Өкмөт башчы алтын кен иштетүүчү компаниянын абалы менен таанышып жатып: "Жер-Үй" кенин иштетүүгө лицензия буга чейин сунушталган 300 миллион доллардан төмөн болот",- деп билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
"Жер-Үй" алтын кени - стратегиялык объект. Аны пайдалануунун башталышы менен жумуш орундары пайда болот да, бюджетке салык түшө баштайт. Бул кендин лицензиясынын баасы талкууланууда. Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү бийликтин жана өкмөттүн өкүлдөрү жана жарандык активисттер киришет. Негизги максатыбыз - тендерди ачык-айкын өткөрүү. Тендерге катышууга көп инвесторлордун катышуусун күтөбүз. Анткени бул жерде алтындын өздүк баасы арзан болот",- деди Оторбаев.
Мындан сырткары премьер иш сапар алкагында Киров суу сактагычына, Чоң Талас каналына барат. Ошондой эле социалдык жана өнөр жай объектилеринин иши менен таанышып чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

