super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте натыйжасыз текшерүү жүргүзгөн салыкчылар жоопкерчиликке тартылышты

 
Салыктык текшерүү бөлүмдөрүнүн иштеринин жыйынтыгын чыгаруу менен, Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыктарынын бир катар кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди. Бул тууралуу 8-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, бир кызматкерге катуу сөгүш жарыяланса, бешөөнө сөгүш жана алтооно эскертүү берилди. Ошондой эле 5 кызматкер иштин жоопкерчилиги азыраак башка орунга которулушту. Мындан сырткары бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын жана анын 4 районунун салыктык текшерүү бөлүмдөрүнүн 2014-жылдын 6 айындагы иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Бишкек шаарындагы салык органдары үстүбүздөгү жылдын 6 айында 2173 салыктык текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 1,4 миллиард сом өлчөмүндө салыктардын азайтылган суммалары бюджетке кошумча эсептелингендиги белгиленди. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 387 миллион сомго көп. Салыктык текшерүүнүн материалдары боюнча келип түшүү (өткөн мезгилдеги акты боюнча жоюуну кошкондо) 458 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 50,4 миллион сомго азыраак болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: