super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын "кара тизмесине" дагы 17 миң кыргыз мигранты кошулганы турат

 

"Кара тизмеге" кирген 40 миң мигранттын катарына дагы 17 миң адам кошулганы турат. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Эмгек, жаштар жана жумушка орноштуруу министрлигинин жыйынында Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Филиппов билдирди. 

Анын айтымында, 2013-жылдан бери "кара тизмеде" 43 миң кыргызстандык бар. Алардын катарына дагы 17 миң адам кошулуп жатат. Ошондой эле бул жылы да Орусиянын мигранттар боюнча мыйзамына өзгөртүүлөр киргенин айтты.

Жаңы мыйзам боюнча эми мигранттар Орусияга кирип бара жатканда миграциялык картаны толтурушат. Анда ал эмне максат менен бара турганын тактап жазышы керек. Эгерде иштөө үчүн бара жатып, бирок так көрсөтпөсө, ага жумушка уруксат кагазы берилбейт”,- деди Филиппов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: