Аймактардагы маалымат каражаттарын оптимизациялоого кийинки жылы каражат бөлүнөт
Бүгүн, 8-августтагы маалымат жыйынында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова 2015-жылдагы республикалык бюджеттен аймактык ММКлар үчүн каражат каралганын айтты.
Анын айтымында, азыркы тапта аймактык маалымат каражаттарын текшерүү иштери жүрүүдө. Натыйжада аларды оптимизациялоо жагы каралат. Текшерүүдөн кийин ММКларды калктын жана мамлекеттин көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле айрымдары кеңейтилсе, кээ биринин жабылышы ыктымал экени айтылды.
Аймактагы массалык маалымат каражаттары жабдууларга муктаж экенин айтып: "Алардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу негизги максат болуп саналат",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.