super.kg logo

Маданият министрлиги жеке телеканалдарга укук берүү боюнча сынак жарыялады

 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2015-2017-жылдары Кыргызстан санариптик берүүгө өтөрүн белгилеп, буга байланыштуу жеке телеканалдарга жана радиоберүүлөргө укук берүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу 8-августта маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Айтымында, социалдык пакетке жергиликтүү жана чет элдик телеберүүлөр катышса болот.

Социалдык пакетти Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурат. Мындай токтомго 23-июлда кол коюлду. Бул пакетке 15 канал киргизилет. Ал 3 жылда бир жолу тандалып алынып, өкмөт тарабынан бекитилет. Социалдык пакетке кирип, санариптик берүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн жыл сайын милдеттүү түрдө 32 миллион 415 миң сом төлөнүшү шарт. Эгерде телеканалдар Кыргызстандын бардык аймагын камтыса, алар 32 миллион сом төлөшөт. Бирок башында санариптик берүү чет жактагы райондорду гана камтыгандыктан, алар көрсөтүлгөн суммадан аз төлөшөт. Төлөм 2015-жылдан тартып кабыл алынат”,- дейт Айнура Темирбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: