super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түркияга жана Орусияга барат

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасы жана Орусия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

8-10-август күндөрү Түркияга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Түркия Республикасынын жогорку жетекчилиги менен кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана ар кандай тармакта өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы пландары боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ал эми 11-12-августта өлкө башчы Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кыргыз-орусиялык ар тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнүн келечектерин талкуулашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: