Ош шаарындагы эстакадалык көпүрө боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрө боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы Ош шаардык мэриясынын кызматкери Ч.Т., мэриянын Жол башкармалыгынын жетекчиси С.А. жана анын орун басары Р.Д., Кытай Эл Республикасынын жараны К.Вга карата кылмыш иши козголгон. Алар "Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда кызмат абалынан пайдаланышкан, мыйзамсыз тендер өткөрүшкөн" деп айыпталууда.
Айта кетсек, эстакадалык көпүрө 2013-жылдын октябрь айында башталган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Жеке айтышууларга жол берилбейт. Талкуудан алыстабаңыздар.
Кимдир бирөөнү мазактап, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.