super.kg logo
  Саясат  

Орусия жана Казакстан эки миңден ашуун кыргызстандыкты жумушка чакырууда

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаары жана Казакстан 2200 кыргызстандыкты жумушка чакырууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жыйынында министрликтин алдындагы Мигранттарды жумушка орноштуруу боюнча борбордун директору Каныбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылы Орусия бийлиги менен кол коюлган келишимге ылайык, куруучулар, тигүүчүлөр жана электровоз-тепловоз айдоочулук кесибине ээ болгондор жумушка тартылат жана алардын маяналары жогору болот.

Санкт-Петербург шаарынын Эмгек ресурстары борбору 1700 жумушчу керек деп жатса, Казакстан курулуш объектисине 500 жумушчуну чакырып жатат. Булардын айлык акылары жогору болот. Орусияда иштейм десе, 20 миң рублдан 45 миң рублга чейин, Казакстанда иштесе 200 доллардан 2 миң долларга чейин болот”, - деди Айдаров.

Ошондой эле Айдаров учурда борбор Дубай, Корея менен да келишимдик негизде иштеп жатканын кошумчалады. “Орусия, Казакстан жумушчулардын кесибине карап жатса, Дубай менен Корея тилди билүүсүн талап кылууда”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: