Таластагы суу каналдын 10 чакырымын бетондоо үчүн 520 миллион сом керектелери маалым болду
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 8-августта Талас облусундагы Бекмолдо айылында иш сапары менен жүрөт. Өкмөт башчы облустагы кен иштетүү тармагы, мектептердин абалы, суу каналдар жана жалпысынан жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышууда. Азыркы тапта премьер-министр Кызыл-Адыр айылына келди.
Автор: Нургазы Аматов
Талас облусундагы Суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Бактыбеков сугат суунун жетишсиздигинен келип чыккан көйгөйлөргө токтолуп, анын чечүү жолдорун айтты. Анын айтымында, Кызыл-Адыр айылындагы суу канал учурда 10 миң гектар жерди сугарат. Эгер суу каналдын асты бетондолсо, 18 гектар жерди сугаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Суунун асты бетондолбогондуктан, 65 пайызга чейинки көлөмдөгү суу жок болуп кетүүдө. Ошондой эле суу каналдын 10 чакырымын бетондоо үчүн 520 миллион сом керектигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

