super.kg logo

Бишкекте “Өткөндөн келечекке карай” аттуу көргөзмө ачылды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 8-августта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Көчмөн лагерь искусствосу" аттуу долбоордун алкагында “Өткөндөн келечекке карай” аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын окуучуларынын, ар түрдүү окуу жайлардын студенттеринин жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Бул долбоор 28-июлдан 3-августка чейин Жалал-Абаддын Сары-Челек көлүндө өткөрүлгөн. Аталган долбоорго катышкан ар кайсы мамлекеттин жаштары айлана-чөйрө, биология, жаратылыш, маданий мурастарды сактоо боюнча суроолордун үстүндө иш алып барышкан жана мурунку менен азыркы абалды салыштырып, жаратылыштын келечегине тийгизип жаткан таасирин анализдеп чыгышкан.  

Бул көргөзмөнүн башкы максаты - кийинки муундун негизги ресурсу адам менен жаратылыштын ортосундагы гармония экендигин коомчулукка жеткирүү.

Иш-чара Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Швейцария жана Германия мамлекеттеринин жаштарынын катышуусунда өткөрүлдү.

"Көчмөн лагерь искусствосу" – руханий жана маданий мурастардын символу, маданияттын көп түрдүүлүгү жана искусствонун багыты. Бул биомаданий ар түрдүүлүк боюнча идеяларды ишке ашырганга шарт түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терең...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: