Энергетика министрлигинин 2014-жылга коюлган пландарынын аткарылышы боюнча жыйын өттү
КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль 8-августта Энергетика жана өнөр жай министрлигинин быйылкы жылга болгон милдеттеринин жана пландарынын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мекеме бул жылы 42 иш-чараны пландап, анын 34ү азыркы тапта аткарылып жатканын маалымдады.
Ошондой эле 5и аткарылып бүткөнүн кошумчалады. Мындан сырткары министрлик Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу жагы талкууланганын айтты. Вице-премьер-министр Валерий Диль коюлган пландар өз убагында аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

