super.kg logo

Ысык-Көлдө төкмө акындардын республикалык айтышы орун алууда

 

Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги” аттуу төкмө акындардын республикалык айтышы орун алууда. Бул тууралуу 9-августта облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Иш-чара 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына, мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына, төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына, манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына жана Ысык-Көл облусунан чыккан белгилүү манасчылар Чоюке Өмүр уулунун 150, Кааба Атабековдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына карата өтүүдө.

Өлкөнүн туш тарабынан келген төкмө акындардын “Айтыш-2014” салтанаттуу иш-чарасынын ачылышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө мамлекеттин ички бүтүндүгүн, элдин ички биримдигин бекемдөөдөн башталат. Ал эми бизге улуу манасчыларыбыз аркылуу жеткен ыйык "Манас" эпосу - кыргыз эли тутка катары тутунуп, карманып келген улуу сөз, улуу баян. Анын эң башкы сабагы болгон кыргыз элинин көз карандысыздыгы - кыргыз элинин өз алдынча туу көтөрүп, өз алдынча мамлекет болуп туруу кыялы”,- деди.

Ошондой эле дастанчы, манасчы, төкмө акындардын башын бириктирип турган саамалыктын катышуучуларына ийгилик каалап, келечектеги муундарга сабак боло турган сөз өнөрүнүн мындан ары өсүшүнө тилектештигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.08.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Керемет жумуш башталыптыр. Кыргыз Төкмөлөрүндөй чечен ары Кыргыз Төкмө жана Куудулдарындай чындыкты тайбай бетке айтканер жүрөк жана акылдуу кишилер бөлөк улуттардан жолукса да "миңдин бири" дегендей ең еле сейрек жолугуп калгысы бардыр. Ылаайым Төкмө акындарыбыздын айтышы азайбастан арбысын, арышы куушурулбастан кеңирсын, оорагы ар дайым чөкпөстөн оболосун.
09.08.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге карата уюшулуп жатканын уюштуруучулар кагаз карап айтпаса оздору да унутуп калатко
09.08.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы саамалык. Кыргыздын улуттук балуулугу болгон комузда кол ойноткон токмо акындарыбызга ийгилик гана каалайбыз. Онорунуздор оркундой берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: