Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча 7 ай зайым каражаттарын кайтаруудан түшүүлөр 1 миллиард сомду түздү
2014-жылдын 7 айында бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарбакер субъектилерден зайым каражаттарын кайтаруудан түшүүлөр 1 394,22 миллион сомду түздү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын ичинен негизги карыз - 981,07 миллион сом, пайыздар жана айыптар - 413,15 миллион сом. Чарбакер субъектилер тарабынан бюджетке 937,1 миллион сом чет мамлекеттик кредиттер боюнча жана 457,1 миллион сом бюджеттик ссудалар боюнча зайым каражаттары кайтарылды.
Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча 2014-жылдын 7 айында кайтаруунун былтыркы жылдын тиешелүү мезгили менен салыштыргандагы көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:
Көрсөткүчтөр | 2014-жылдын 7 айында кайтарылганы миллион сом менен | 2013-жылдын 7 айында кайтарылганы миллион сом менен | 2013-жылдын тиешелүү мезгилине пайыз менен |
Негизги карыз | 981,07 | 999,96 | 98,1 |
Проценттер жана айыптар | 413,15 | 312,86 | 132,1 |
Бардыгы | 1 394,22 | 1 312,82 | 106,2 |
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

