super.kg logo

Ысык-Көл облусунда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду

 

Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл – манасчылардын алтын бешиги” аттуу ураандын алдында уюштурулган иш-чаранын алкагында көргөзмө өтүүдө. Бул тууралуу 9-августта облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө облустун бардык район, шаарларынан келген кол өнөрчүлөр, маданият кызматкерлери, музейлердин жамааттары катышышты. Ошондой эле аталган көргөзмөгө Ысык-Көл облусунан чыккан манасчылардын ордосун салуу боюнча макетти жаштар даярдап келишкен.

"Жаштардын бул идеясы жакшы экенин ыйгарым укуктуу өкүл белгилеп, келечекте каржылоо булактарын табуу менен иш жүзүнө ашырууга мүмкүн боло турган мааниси туура идея экенин айтты. Албетте, ал үчүн каражат керек экени жана инвесторлорду тартуу керек экени да белгиленди. Ал эми облустун район-шаарларынан келген кол өнөрчүлөр чыгармачылыктары тууралуу көрүүчүлөргө маалымат берип жатышты" деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: