Бишкекте Ак-Ордо конушунун тургуну мас абалында коңшусун бычактап салганы боюнча тергөө жүрүүдө
Бишкектин Ак-Ордо конушунун тургуну мас абалында коңшусун бычактап салды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ак-Ордо конушунун Алим аттуу тургуну мас абалында Айбек аттуу коңшусу менен урушуп кеткен. Ортодогу келишпестик бири-бирине кол көтөрүүгө жеткенде Алим Айбекти бир нече ирет көкүрөккө сайып жиберген. Жараат алган жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
timur555

12.08.2014. 02:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак арак арак дагы арактын айынан бир олум эмне деп айтуунуда билбейм.(((
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.