Чоң-Алай районунда Тажикстандын чек арачылары менен кыргыз жарандарынын ортосунда болгон атышуу боюнча эки тараптуу жолугушуу өтүп жатат
Чоң-Алай районунда Тажикстандын чек арачылары менен кыргыз жарандарынын ортосунда болгон атышуу боюнча эки тараптуу жолугушуу өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Чек ара кызматы билдирди.
Жолугушууга Тажикстандын Чек ара кызматынан өкүлдөр келишкен. Алар Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен бирге окуянын чоо-жайын талкуулашат.
Эске сала кетсек, 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Жерге-Тал аймагында тажик чек арачылары менен 3 кыргыз жаранынын ортосунда атышуу болгон. Анда бир адам каза болуп, экөө кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.