super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Мамлекеттик курулуш агенттигине курулуш тармагындагы жаңы баа түзүмүн иштеп чыгууну тапшырды

 

Бүгүн, 11-августта биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев мамлекеттик курулуш маселелери боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.

Жыйында Сарпашев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин курулуш тармагындагы жаңы баа түзүмүн иштеп чыгуу жана нормативдик базаны жаңыртуу боюнча алгылыксыз иши үчүн сынга алды. Андан сырткары Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго бир жума аралыгында жаңы баа түзүмү боюнча календардык план жана курулуш норма-эрежелерин учурдагы мыйзам базасына ылайык келтирүү боюнча кадамдык аракеттерди иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жаңы баа түзүмүн 2014-жылдын 1-ноябрына дейре иштеп чыгуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: