super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти менен Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин талкуулады

 

Орусия лидери Владимир Путин кечээ, 11-августта президент Алмазбек Атамбаев менен Сочи шаарында жолугушууда “биздин энергетика тармагында олуттуу инвестициялык пландарыбыз бар” деп айтты. Муну президенттик аппараттан билдирди.  

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана аны өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу маселелерди талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенишүүнүн жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

Андан сырткары биргелешкен энергетикалык ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө баа берилип, ал долбоорлорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруунун мааниси баса белгиленди.

Биздин энергетика тармагында олуттуу инвестициялык пландарыбыз бар жана айрым тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча да пландарыбыз бар. Ушул багыттардагы иштер кандайча жүрүп жаткандыгын көрөлү деп алда качан эле макулдашканбыз”,- деди Путин.

Ошону менен бирге Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланды.

Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү, боордош Орусия менен мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү, жандандыруу максатын бекем көздөп тургандыгын дагы бир ирет баса белгилегим келет”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Бул жолубузда, албетте, биз бир топ кыйынчылыктарга туш келебиз. Эгерде биз конкреттүүлүк менен чечкиндүү киришсек, көпчүлүк маселелерди тез эле чече алабыз. Эсиңизде бар чыгар, мен буга чейин Бажы биримдигинин, Евразия экономикалык биримдигинин курамына ушул жылдын акырына чейин кирсек деп айткан элем. Эгерде эки тарап тең өз каалоосун билдирсе, реалдуу колдоо көрсөтүлсө, азыр Кыргызстан ушул багытта шымаланып иштеп жатат”,- деп президент Атамбаев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: