super.kg logo

“Витязь” пансионатында 21 жаштагы жаран көлгө чөгүп кетти

 

Кечээ, 11-август күнү Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Витязь” пансионатында 21 жаштагы жаран чөгүп кеткен. Ал чөгүп жаткан учурда куткаруучулар тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары окуянын күбөлөрүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы жигит сууга чөккөндөн кийин суу алдында болжол менен 7 мүнөт болгон. Аны “Витязь” пансионатындагы эс алуучулар алып чыгышып, биринчи жардам көрсөтүшкөн. “Тез жардам” кызматы 40-50 мүнөт кечигип келген.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда буларга токтолушту:

“Ысык-Көл облусу боюнча 298 эс алуу жайы бар. Алардын баарында экиден куткаруучу болсун деген талап бар. Министрлик ошол куткаруучуларды окутуп берет. “Витязь” пансионатында 3 куткаруучу бар. Алар бизден окуп, сертификат алышкан. Ошол эле куткаруучулар өткөн жылы сууга чөгүп жаткан 5 адамды куткарып калышкан. Жогорудагы окуя боюнча бизге эч кандай маалымат берише элек”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: