super.kg logo
  Саясат  

Министрлик: "Орусияга айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүшүбүз керек"

 

Европанын Орусияга киргизип жаткан санкцияларынан Кыргызстан пайдаланып, Орусияга айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта маалымат жыйынында айыл чарба жана өнөр жай министринин орун басары Эркинбек Чодуев айтты.

Анын билдиргенине караганда, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаса, башка коңшу мамлекеттер пайдаланууга аракеттенип жатышат.

Бул биз айыл чарба өндүрүмү үчүн жакшы шарт болуп жатат. Эгерде биз санкциядан пайдаланып калбасак, Тажикстан, Азербайжан, Өзбекстан пайдаланып кетет”,- деди ал.

Ошондой эле эт, сүт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк жок болуп жатканын кошумчалады. “Кыргызстан Бажы биримдигине кире элек болгондуктан, эт жана сүт азыктарын бул биримдикке кирген мамлекеттерге экспорттоо болбой жатат. Анткени сертификациясы жок. Ошон үчүн өткөн жылы Орусияга 100 миң тоннадан ашуун жашылча-жемишин экспорттосок, быйыл 13 миң тоннага араң жетти. Бажы биримдигине кирсек, 200 миң тоннага жеткирүүгө болот”,- деди ал.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: