super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Камчы Көлбаевдин атасынын атындагы ипподромдун атын тез арада алмаштыруу керек”

 

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-августтагы фракциянын отурумунда "Көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Ата шаарындагы Камчы Көлбаевдин атасынын атындагы ипподромдун аталышын алмаштыруу керек",- деп билдирди.

Анын айтымында, ат майдандын Көлбаев деген фамилия менен турушу президенттин саясатына карама-каршы келет.

Камчы Көлбаевдин атасы Асан Көлбаев жакшы адам болгон. Ага карата дооматыбыз жок. Бирок Көлбаев деген фамилияны укканда дароо “мыйзамдагы ууруну” көңүлгө алышат. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына да карама-каршы келет. Ал жерде жакында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага жалпы чет өлкөдөн журналисттер, маанилүү коноктор келет. Журналисттер “Көлбаев атындагы ипподромдо өтүп жатат” деп жатса, Кыргызстан криминалдык идеологияны пропагандалап калабыз. Оюн башталганча тез арада ипподромдун ысымын алмаштыруу керек”,- деди Өмүрбек Текебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: